Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Ооган өкмөтү Ирандан балдар депортацияланганын иликтөөдө


Иран ооганстандык бир миңден ашуун баланы өткөн айдын башынан бери күч менен депортациялаганын кечээ Ооганстандын Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясы айтып чыккан эле. Аталган уюмдун ырастоосунда, Ирандын ар кайсы шаарларында ата-энелери менен жашап жаткан балдар көчөлөрдөн, базарлардан, дүкөндөрдөн кармалган.

Оооган Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү кабарына караганда, учурда өкмөт бул маалыматтын чын-төгүнүн иликтөөдө.

Ооганстандын Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясынын пикиринде, Иран бийликтери балдарды депортациялоону өлкөдө жашаган ооган качкындарына кысым көрсөтүү үчүн колдонот.

Акыркы отуз жылда Иранга Ооганстандан эки миллиондой качкын ооп барган. ( UE)

XS
SM
MD
LG