Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

Францияда коронавирусту жуктурган алгачкы бейтап каза тапты


Коронавирустун электрондук микроскоптон көрүнүшү.

Коронавирустун электрондук микроскоптон көрүнүшү.

Франциянын саламаттыкты сактоо министри бүгүн билдиргендей, 65 жаштагы аял ооруканада каза тапкан. Ал вирустун жаңы тибин Дубайдан жуктуруп алган деп шектелүүдө. Ичи ооруп, дем алуусу кыйындаган аял ооруканага 23-апрелде Дубайдан кайтып келгенден кийин түшкөн. Ушул мезгилге чейин дүйнө боюнча жаңы вирустан 23 киши каза тапты.

Вирус адамдан адамга туруктуу өтөрүнүн далилдери азырынча аз деп айтылганы менен ал Перси булуңунан Францияга, Британияга, Германияга тарады. Вирусту жуктургандардын көбү - Пакистан, Катар, Иордания, Сауд Аравияга барып келгендер.

Коронавирустун Сауд Аравиядан чыгышы ал быйыл октябрда, ажылык зыярат учурунда жайылып кетпейби деген кооптонууларды жаратты. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG