Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Кыргызстанда грузиялык кримавторитет төрт жылга соттолду


Илья Самсониянын кылмыш иши боюнча өкүмдү бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Сот өкүмүнө ылайык, Самсония жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөшү керек.

Кримавторитет катары таанымал Самсония Кыргызстанда чек арадан мыйзамсыз өткөн, жасалма паспорт алып жүргөн деп айыпталган. Ал өткөн жылдын ноябрь айында кыргыз жаранына жазылган паспорт менен “Манас” аэропортунан кармалган. Ага чейин 39 жаштагы Самсония үч жыл Орусиянын Архангельск облусунда абакта отуруп чыккан.

Илья Самсониянын адвокаты бүгүнкү өкүмдү апелляцияга берерин билдирди. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG