Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Орусия: Батыш Сирия боюнча тынчтык конференциясын жокко чыгарууда


Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Парижден Евробиримдик Сирия козголоңчулары үчүн курал эмбаргосун жойгондун эртеси айтты. Ал белгилегендей, Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ менен Франция да Сирия боюнча тынчтык конференциясын өткөрүү боюнча аракеттерди жокко чыгарууда.

АКШ Мамлекеттик департаменти орус тышкы иштер министринин сөздөрүнө Орусиянын президент Башар Асаддын режимине курал жөнөтүп жатканын сындоо менен жооп берди. Мамдепартаменттин өкүлү Патрик Вентрелл:

- Биз буга макул эмеспиз жана Орусиянын режимге курал берүүнү улантуусун айыптайбыз жана бул куралдын бардык түрлөрүн камтыйт.

Мамдепартамент өкүлү АКШ Евробиримдик Сирия боюнча курал эмбаргосун жумшартуусун колдой турганын кошумчалады.

Евробиримдик Сирия козголоңчуларына киргизилген курал эмбаргосунун мөөнөтүн узартпоону мурда макулдашкан. Бирок козголоңчулардын өзүнө курал берүү боюнча чечим кабыл алынган жок. (UE)
XS
SM
MD
LG