Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Онкологиялык оорудан жабыркаган балдарга арналган акция болот


“Бала дүйнө” деп аталган акция онкологиялык оорулар менен ооруган балдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун назарын буруу, ошондой эле балдардын укугун коргоо жана сыйлоо милдетин эскертүү максатын көздөйт.

Бишкектеги тарых музейинде өтө турган иш-чарага “Үмүт-Надежда” жана “Светлый-путь – Ак жол” реабилитациялык борборлорунун тарбиялануучулары катышат. Анда балдарга арналган ар кандай шоу-программалар болмокчу.

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бүгүн Ата түрк паркында да майрамдык концерт болот. Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү департаментинен маалымдашкандай, буга байланыштуу бүгүн парктагы аттракциондор балдар үчүн акысыз иштейт, ошондой эле бирден балмуздак бекер берилет. Андан тышкары таланттуу балдардын концерти, асфальтта сүрөт тартуу жана майып балдардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына, жетим жана майып балдарга, Ооганстан, Чернобыль ардагерлеринин, ошондой эле 7-апрелде курман болгондордун балдарына материалдык жардам берилмекчи. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG