Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Депутат Узакбаев: Жети-Өгүздүн үч айылында чатак чыкчудай абал түзүлдү


Көлдүн Жети-Өгүз районунун үч айылынын тургундары ортосунда чыр чыга тургандай абал түзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Талантбек Узакбаев билдирди. Анын айтымында, Кумтөргө кетчү унаа жолдун жабылышына каршы жарандар ал акцияны уюштургандарды "өзүбүз алып түшөбүз" деп жатат:

- Барскоон, Тамга, Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак айылдарынан тургундары өйдө жакка чыгып өзүбүз аларды алып түшөбүз, Барскоондун жайлоолоруна келип конуп алышына жол бербейбиз деп жатат. Биз эки күндөн бери жаштарды тынчытып, ал жакка жолотпой турабыз. Эзелтеден бир тууган айылдар кадимкидей эле согушканы турат. Өкмөт тез арада чара көрүүсү керек.

Жети-Өгүздүн Саруу айылынын 150-200дөй тургуну эки күндөн бери Кумтөр ишканасынан социалдык көйгөйлөрүн чечип берүүнү талап кылып, кен чыккан жерге кетчү жолду бууп турушат. (RK)

XS
SM
MD
LG