Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Ош аэропортунда беш айда тогуз мыйзам бузуу катталды


Ушул жылдын беш айына карата Ош аэропортунан башка өлкөгө учуп жаткандар арасында тогуз мыйзам бузуу фактысы катталган. Алар колдонууга жараксыз жана жасалма документтер менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган өлкө жарандары. Айрымдарына карата Чек ара кызматы административдик чара көргөн. Жасалма документ менен колго түшкөндөр Улуттук коопсуздук кызматына тапшырылган.
Бул тууралуу бүгүн аэрпорттогу эл аралык өткөрүү-көзөмөлдөө жайынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Сүйүнтай Жаймагамбетов журналисттерге уюштурулган медиа-тур учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы жогорудагыдай мыйзам бузуу менен 80 адам кармалган.
Ош эл аралык аэропортунан Орусия, Кытай, Түркия, Сауд Арабстанга жана Бишкек шаарына рейстер каттайт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG