Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Жалал-Абад: Табигый кырсыктардын кесепети эсептелүүдө


Жалал-Абад облусу быйылкы жылдын төрт айында чукул кырдаал окуяларынан алты жарым миллион сомдон ашык чыгым тартты. Облус аймагында төрт айда 24 табигый кырсык (жер жана кар көчкүлөрү) болуп өткөнүн бүгүн өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жардамы менен алты миллион сомдук курулуш жана жээк бекемдөө иштери жасалды. Сузактын Кара-Дарыя айыл өкмөтү менен Жалал-Абад шаарындагы 336 турак-жай менен 330 эгин аянттарында сел коркунучу жоюлду. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG