Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Жогорку Кеңеш Батукаев боюнча маселени талкуулап жатат


Жогорку Кеңеште ушу тапта Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат.

Комиссиянын жетекчиси Болот Шер коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан Батукаевдин айыккыс оорусу жок деген бүтүм чыгарган дарыгерлерге ыраазылык билдирип, "мыйзамдагы уурунун" "Манас" аэропортунун VIP залы аркылуу оңой эле өтүп бараткан видеосун көрсөттү.

Криминалдык чөйрөнүн лөгү делген Азиз Батукаев быйыл апрелде абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Бошотуу тууралуу сот чечимине Гематология борборунун ал ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу бүтүмү негиз болгону айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG