Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Жалал-Абаддагы "Береке" базары текшерилди


Жалал-Абаддагы "Береке" базары текшерилип, ал архитектура, тазалык, өрт жана жол коопсуздук талаптарына жооп бербейт деген бүтүм чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге мэрдин орун басары Урмат Маматов билдирди. Анын айтымында, тиешелүү талаптарды коюу үчүн базар ээлери менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Совет заманында 5 миң адам иштеген пахтаны кайра иштетүүчү 16 гектардагы
завод талкалангандан кийин анын орду базарга айланган. Бүгүнкү күндө ал жерде 350-400 адам соода-сатык менен жан багат.

Шаар бийлиги автоунаалардын тыгыны көп пайда болгон Ленин көчөсүн кеңейтүү
маселесин да караштырып жатканы айтылууда. "Береке" базары ушул көчөдө жайгашкан. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG