Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

ЕЭК Кыргызстандын Бажы союзу менен кызматташтыкты өнүктүрүү демилгесин колдоду


Бул тууралуу Беларус, Казакстан, Орусия мүчө Бажы союзунун башкаруучу органы – Евразия Экономикалык кеңешинин Астандагы бүгүнкү саммитинин соңунда кабыл алынган документте белгиленген. Саммиттин конок ээси –казак президенти Нурсултан Назарбаевдин айтымында, Кыргызстандын Бажы союзуна кошулуу арызы учурда каралып жатат, бул үчүн жол картасын даярдоочу жумушчу топ түзүлгөн.

Астанадагы саммитке кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да катышты. Ал мурдараак Кыргызстандын Бажы союзуна кошулуусунун баскычтарын аныктоочу документ - жол картасы быйыл жыл соңунда даяр болорун билдирген эле. Бирок Кыргызстан Бажы союзунун толук кандуу мүчөсү болуучу мөөнөт азырынча айтыла элек.

Астандагы саммитте украин президенти Виктор Янукович да болду.

Казак президенти Назарбаев кошумчалагандай, Украинага Бажы союзунда байкоочу маккамын берген документтер быйыл күзгө барып даяр болот. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG