Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

АКШ жана Орусия тышкы иштер министрлери Сирия боюнча телефондон сүйлөштү


Жон Керри менен Сергей Лавровдун Париждеги жолугушуусу. 27-май, 2013-жыл.
Жон Керри менен Сергей Лавровдун Париждеги жолугушуусу. 27-май, 2013-жыл.
Жон Керри менен Сергей Лавров телефон сүйлөшүүсүндө Сирия боюнча эл аралык конференция өткөрүүгө “практикалык даярдыктарды” талкуулаган. Сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы белгисиз.

Бирок Ак үйдүн айтканына караганда, Сирияга эл аралык кийлигишүүнүн бардык ыкмалары, анын ичинде Сирияны учууга болбой турган аймак деп жарыялоо күн тартибинде турат. Сүйлөшүү алдында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШны БУУнун Сирия өкмөтүн айыптаган резолюциясын колдоо менен тынчтык конференцияны биргелешип уюштуруу аракетин жокко чыгарып жатат деп сындаган эле.

Москва ошондой эле Еврошаркет Сирия козголоңчулары үчүн курал эмбаргосун жоюшуна нааразылык билдирген. АКШ болсо шаршембиде Ливандагы “Хезболла” тобун Сириядан согушкерлерин тезинен алып кетүүгө чакырды.

Франциянын ырастоосунда, Сирияда президент Асаддын режимине “Хезболланын” 4000ге жакын согушкери колдоо көргөзүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG