Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Кыргыз өкмөтү элге кайрылды


Өкмөттүн басма сөз кызматы түндө тараткан кайрылууда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын оңдоо үчүн алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн эң ириде стабилдүүлүк зарылдыгы айтылган. Өкмөт бардык кыргызстандыктардан туруктуулукту сактоого, инвестицияларды тартууга жана жаңы иш орундарын түзүүгө багытталган аракеттерди колдоп берүүгө чакырган.

Кайрылууда учурда жер-жерлерде жүрүп жаткан митингдерде аткарууга мүмкүн болбогон талаптар коюлуп жатат деп белгиленип, бул өз учурунда экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатка терс таасирин тийгизип, өлкөнүн эл аралык аброюна шек келтирип жатканы айтылган.

Ошондой эле анда өкмөт бардык саясий күчтөр жана жарандар менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даярдыгы айтылып, диалог, аң-сезимдүү компромисс жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугу –өлкөнү өнүктүрүүгө карай жол экенин бардык саясий күчтөр менен жарандык коом түшүнүүгө мезгил жеткени белгиленген.

Кумтөр алтын кенине кеткен жол 27-майдан бери жабык. Ал жерге чогулган адамдар экологиялык катастрофага жол бербөө, 2009-жылкы келишимди бузуу жана кирешени адилеттүү бөлүштүрүү талаптарын коюп жатышат. Митингчилер эгер талаптары аткарылбаса 30-майда Кумтөр ишканасына карай жөө жүрүшкө чыгышарын билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG