Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Сирия боюнча резолюцияны кароодо


АКШ, Түркия жана Катар сунуштаган резолюция долбоорунда Сирияда чет өлкөлүк согушкерлердин жүрүшү “аймактык коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурары” эскертилет.

-Тигил же бул тарапты колдоо үчүн Сириянын чек арасынан өткөн согушкерлер санынын көбөйүшү диний негиздеги кыянатчылыктарга май тамызат жана кырдаал бүткүл аймак дестабилдешкенинин кооптондурган белгилерин көргөзө баштады,- деп айтты БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай жыйындын ачылышында.

Маалыматтарга краганда, шииттердин Ливандагы “Хезболла” тобунун адамдары азыр Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн катарында козголоңчуларга каршы согушууда.
Бирок резолюция долбоорун Орусия өкүлү сындап чыкты: "Резолюция долбоору ачык эле Сирия жаңжалындагы бир тарап үчүн, атап айтканда радикалдык оппозиция үчүн иштейт",- деди Алдексей Бородовакин.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн АКШ колдогон резолюция долбоорун кескин сынга алып, ал Сирия боюнча тынчтык конференция өткөрүү аракеттерин жокко чыгарарын белгиледи.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG