Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Экс-министр Равшан Сабировдун тарапкерлери митингге чыгышат


Равшан Сабировдун ар-намысын коргоо комитетинен маалымдашкандай, митинг 30-майда болот.

Өзүнүн ак жеринен караланып, абакта жатканын билдирген экс-министр 27-майдан тартып ачкачылык жарыялаган. Акыйкатчы институту кечээ тараткан маалыматка караганда Сабировдун абалы канааттандырарлык эмес.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров чет өлкөлүк жарандарга кыргызстандык балдарды асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга катышы бар деген айып менен соттолуп, Бишкек шаардык соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Жогорку сот шаар сотунун чечимин күчүндө калтырган. Равшан Сабиров март айында Бишкек шаар кеңешинин чечимине каршы да ачкачылык жарыялаган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG