Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:54

Жалал-Абадда экстремист деп шектелгендер кармалды


Жалал-Абадда диний-экстремисттик уюмга мүчө деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, Ноокен милициясы атайын тинтүү жүргүзгөндө Сакалды айылында жашаган 25 жаштагы жарандын үйүнөн экстремисттик "Хизб-ут-Тахрир" уюмуна тийииштүү 2 журнал, төрт баракча жана 16 диск табылып, алар экспертизага жөнөтүлдү. Токтогул районунун Үч-Терек айылында жашаган үч кишинин үйлөрүнөн жашыруун уюмдун 41 китеби менен 4 үгүт баракчасы жана эки диск алынды. (YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG