Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Митингчилер Нарын милициясынын жетекчисин иштетпей жатат


Нарын облустук милициясынын жаңы дайындалган башчысы Нарынбек Молдоисаев кайрадан кызматынан кетмей болду. Бул тууралуу бүгүн ал өзү анын кетишин талап кылган митингчилердин алдына чыгып айтты.

Жүздөн ашуун киши эки күндөн бери облустук милициянын алдында нааразылык акциясын өткөрүп, буга чейинки жетекчи Таалай Нуралиевди кызматтан алууга жол бербейбиз деп турган.

Нарынбек Молдоисаев Нарындын милициясын 2010-жылга чейин башкарып, кызматынан алынган. Жетекчиликтин бул чечимине макул болбогондуктан ал сотко кайрылган. Жогорку Сот Молдоисаев негизсиз бошотулган деген чечим чыгарган. Ошол чечимдин негизинде Ички иштер министрлиги аны кайрадан мурдагы кызматына дайындоо тууралуу буйрук чыгарып, мурдагы күнү ички иштер министринин орун басары Фурхад Үсөнов облмилициянын өздүк курамын ошол буйрук менен тааныштырган.

Бирок нааразылык акциясынын катышуучулары бүгүн облустук милициянын тосмосун талкалап, короого кирип баргандан кийин Молдоисаев өз арызы менен кетээрин айтып кетип калды. Ички иштер министрлиги бул маалыматты азырынча тастыктай элек. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG