Президент Башар ал-Асаддын айтканын бүгүн Ливанда “Хезболла” куралдуу тобу менен байланыштагы телеканал кабарлады. Асаддын интервьюсун телеканал бүгүн көрсөтөт деп жатышат. Анда президент Орусиядан алынган S-300 ракеталарынын калганы “жакын арада келет” деп билдирген.
Буга чейин Кремль Сириянын өкмөтүнө аталган ракеталарды “өлкө өзүн сырткы күчтөрдүн чабуулунан коргошу үчүн” жиберерин айтып, өз чечимин коргогон болчу.
Москвада бүгүн тышкы иштер министри Сергей Лавров сириялык оппозицияны келерки айга белгиленген тынчтык конференциясына жолтоо болуп жатат деп айыптады.
Кечээ Бириккен улуттар уюму ушул тапта Сириянын өкмөтүн колдоп жаткан “Хезболланы” Сириянын куралчан топторун тезинен чыгарып кетүүгө чакырган.