Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Орус аскерлери чек арадан грузин жаранын кармап кетишти


Грузиянын Түштүк Осетия менен чектеш Дитси айылынын тургундарынын айтымында, 24 жаштагы Ростом Сосиашвилини орус аскерлери бүгүн кармап кетишкен. Кечээ Грузиянын тышкы иштер министри Мая Панжикидзе аталган айылдын айланасын орус аскерлери тикенек зым менен тосуп чыкканына камтамачылык билдирген эле.

Кыштак жашоочулары ал тосмо Грузиянын аймагына ичкери көздөй орнотулганын айтып, эми алар ошол аймакты жайыт катары колдоно албай калышканына нааразылык билдиришкен.

2008-жылдын августунда бир нече күнгө созулган орус-грузин согушунан кийин Москва Грузиянын эки сепаратисттик республикасынын - Түштүк Осетия менен Абхазиянын - эгемендигин таанып, ал жакка өзүнүн аскерлерин жайгаштырган эле.

XS
SM
MD
LG