Багдаттын чыгышында бомба жарылып, төрт адам өлдү. Шаардын башка бир бөлүгүндө дүрмөттөлгөн эки машине жарылып, эки адам мүрт кеткен. Мосулда жанкечтинин жардыруусунан полициянын үч кызматкери курман болду. Ал эми Ирак-Иордания жолунда эки полисменди атып кетишкен. Кечээ болсо өлкөдөгү кан төгүүлөрдө 28 киши көз жумган. Өлкөдөгү кырдаал быйыл жыл башынан бери курчуп, 2007-жылдары диний карама-каршылыктардын жаңы толкуну башталганы тууралуу тынчсызданууну күчөттү. Бүгүн Ирак өкмөтү зомбулукту токтотуу боюнча ыкчам чараларын жарыялады.