Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Ошто «Азыркы Орусия» сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат


Ош шаарында «Азыркы Орусия» деген аталышта сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын имаратындагы бул иш-чара «Российская газета» басылмасынын демилгеси менен уюштурулган.

Максат - жергиликтүү калкты бүгүнкү орус маданияты менен жакындан тааныштыруу жана «Российская газета» жөнүндө маалымат берүү. Көргөзмө дүйшөмбүдө облустук китепкананын имаратына көчүрүлөт жана бир ай бою акысыз көрсөтүлөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, калаа жетекчилиги көргөзмөнү уюштурган «Российская газета» басылмасы менен мындан ары өнөктөш катары иштейт. Жайдын алгачкы айларынан тарта аталган гезит Ош шаарындагы жашоочулар үчүн беш миң нускада чыгарыла баштайт.

«Российская газета» Орусиядагы абройлуу басылмалардын бири болуп саналат. Анын күнүмдүк нускасы 170 миңге жетет. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG