Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Ошто журналисттер биринчи медициналык жардамга үйрөндү


Ош шаарында журналисттер үчүн адамга биринчи медициналык жардам берүүнүн ыкмаларын үйрөткөн практикалык окуу өткөрүлдү. Иш-чара “Демге-дем” медиа борборунун демилгеси менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан уюштурулду.

Облустук аймактык ооруканада өткөн окууга Ошто иштеп жаткан 20 журналист катышты. Аларга министрлик тарабынан сунушталган адис биринчи медициналык жардам берүү боюнча сабак өттү. Журналисттерге Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан чыгарылган “Биринчи жардам” аттуу китеп акысыз таратылды.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, соңку жылдары жол кырсыгы көбөйүп, биринчи медициналык жардамга муктаж болгондордун саны өсүүдө. Көбү алгачкы жардам берилбей калгандыктан каза табууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG