Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Кумтөргө каршы митингчилер ишкананы электр энергиясынан ажыратууга аракет кылышууда


Аймактагы кабарчыбыздын маалыматы боюнча, ушул тапта митингчилер Тамга айылындагы жогорку чыңалуудагы электр подстанциясынын жанында турушат. Алар менен подстанциянын жетекчилери сүйлөшүүгө аракет кылышууда. Митингчилер электр түйүнүнөн Кумтөр ишканасын ажыратууну талап кылып жатышат. Алар өздөрүнүн арасынан өкүл шайлап, электр түйүнү жайгашкан аймакка кирүүнү көздөшүүдө.

Кумтөр кенин иштетүүгө каршы митингге чыккан эл канадалык ишкана менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди бузууну, жергиликтүү элге социалдык жардамдар берилүүсүн, кен иштетүүдөн арткан калдыктарды тез арада тазалоону талап кылып, 27-майдан бери ишканага кетүүчү жолду буушкан. Алар менен бүгүн Экономика министри Темир Сариев барып жолугушкан, бирок министрдин берген жооптору митингчилерди канааттандырган жок.(MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG