Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Кумтөргө каршы чыккандардын бири өзүн өрттөмөкчү болду


Ысык-Көлдөгү митингдин уюштуруучуларынын бири Эрмек Жунушбаевди өзүнө бензин чачтырбай, милиция кызматкери кармап калганын жергиликтүү кабарчыбыз Мария Колесникова билдирди. Кабарчыбыздын айтуусунда, митингчилер Тамга подстанциясына киргизбесе, өздөрүн өрттөйбүз деп билдиришкен. Алардын жанында бир нече күйүүчү зат куюлган бөтөлкөлөр бар экени байкалды. Учурда митингчилер Тамга электр подстанциясынын эшигине асылышууда.

Нааразылык болуп жаткан жерде ЖК депутаттары Максат Сабиров, Курманбек Дыйканбаев жана Эркингүл Иманкожоева жүрүшөт, бирок алардын сөзүн митингчилер укпай жатышат. (MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG