Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Митингчилердин өкүлдөрү подстанцияга киришти


Өкүлдөр менен сүйлөшүүнү Тамга электр подстанциясынын кызматкерлери, милиционерлер, ЖК депутаттары жүргүзүүдө. Азырынча аларга подстанциянын иши тууралуу маалымат берилип жатат.

Окуя болуп жүргөн жерден кабарчыбыз маалымдагандай, митингчилер бүгүн Кумтөр ишканасына жакын жерге боз үй тигип түнөшмөкчү. Эртең саат 16:00гө чейин башынан коюлган талаптары аткарылбаса, ишкананын өзүнө киришерин билдиришүүдө.

Кумтөр кенин иштетүүгө каршы митингге чыккан эл канадалык ишкана менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди бузууну, жергиликтүү элге социалдык жардамдар берилүүсүн, кен иштетүүдөн арткан калдыктарды тез арада тазалоону талап кылып, 27-майдан бери ишканага кетүүчү жолду буушкан. Алар менен бүгүн Экономика министри Темир Сариев барып жолугушкан, бирок митингчилер министрдин берген жооптору канааттандырбаганын айтышууда.(MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG