Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Кароосуз балдардын көпчүлүгү жугуштуу ооруларга чалдыккан


Ошондой эле тери ооруларынан, аз кандуулуктан жабыркашат. Бул алардын жуунбаганына жана тамакты тоё жебегенине байланыштуу экенин Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Жумакан Акунова билдирди.

Анын айтуусунда, Бишкек мэриясынын демилгеси менен Балдарды коргоо күнүнө карата “Ош” жана “Дордой” базарларында иштеген жана жакындары жок, кароосуз калган балдар медициналык кароодон өткөрүлдү. Медиктердин айтуусунда жалпы 62 баланын саламаттыгы текшерилди, анын ичинен 12си Ленин райондук балдарды коргоо борборунун, сегизи балдар үйүнүн тарбиялануучулары, калгандары кароосуз балдар. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG