Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Өкмөт башчы Кумтөрдөгү кырдаал боюнча маалымат берет


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев саат 11де Кумтөр маселеси, аймактагы кырдаал тууралуу журналисттерге толук маалымат бермекчи. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди.

Кумтөргө каршы митингчилер кечээ Тамага айлындагы электр подстанциясынан ишкананын электр энергиясы менен жабдылышын үзгүлтүккө учуратышкан.

Түн ичинде 100 чамалуу кишини милиция кармаган. Алардын бошотулушун талап кылган эл бүгүн эртең менен Каракол-Дархан жолуна таш, цемент төгүп буушту.
Аймактык кабарчыбыздын маалыматы боюнча митингчилер Кызыл-Суу айылындагы Жети-Өгүз РИИБнин имаратына барып, түндө кармалган балдардын бошотулуусун талап кылышты. (MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG