Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Кумтөргө каршылар менен милиция кагылышууда


Ушу тапта Жети-Өгүздүн Барскоон айылынын жолундагы "Волна" эс алуу жайынын жанында митингчилер менен милиция кагылышууда. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, милициянын күчөтүлгөн топтору нааразылык акциясына чыккан үч миңдей кишини көздөй кулак тундурчу граната жана көздөн жаш агызуучу газ ыргытууда. Митингчилер колдоруна таш алып коргонууда.

Кумтөр ишканасына каршы акция ушул дүйшөмбүдө башталган. Үч күн Барскоон - Кумтөр унаа жолун тороп турган миңдей киши кечээ Тамга айылына түшүп, Кумтөрдүн подстанциясын өчүрүп салган. Бул ишке тиешеси бар деген жүздөй кишини милиция таңдан бери подстанциянын аймагынан чыгарбай кармап турат. Митингчилер Саруу - Дархан унаа жолунан чогулуп кайрадан Тамгага, ошолорду бошоткону бараткан болчу. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG