Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Өкмөт Кумтөр боюнча сүйлөшүү мөөнөтүн узартууну өтүндү


Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн мөөнөтүн дагы узарта турууну парламенттен өтүндү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтымында, инвестор менен сүйлөшүүгө берилген мөөнөттү октябр айына чейин узартуу өтүнүчү парламентке жөнөтүлгөн. Азырынча жооп келе элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Маселе парламентте келерки шаршемби күнү каралат.

Көлдөгү Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык "Центерра" компаниясы менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, бир нече салык жана экология талаптарын аткаруу боюнча инвестор менен сүйлөшүү жүргүзүүгө парламент өкмөткө үч айлык мөөнөт берген. Бул мөөнөт бүгүн аяктады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG