Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:51

Орусия Сирияга МиГ-29 М/М2 учактарын жөнөтөөрүн кабарлоодо


Бүгүн орусиялык “МиГ” ишканасынын башкы директору Сергей Коротков журналисттерге маалымат берип жатып, Сириянын президенти Башар ал-Асаддын режимине Орусия истребителдерди жөнөтөөрүн кабарлады. Анын айтымында, учурда Сириядан келген делегация Москвада бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Канча истребител жөнөтүлөөрү так айтылбаганы менен, кеминде 10 учак кетээри айтылууда.

Бул кабар Орусия Сирияга S-300 ракеталарын жөнөтпөй калганы тууралуу орус журналисттери жазып чыккандан кийин пайда болду.

Айрым макалаларда, Асад ракеталарды алдым деп кабарлаганы менен, алар Сирияга жете электиги жазылган эле.

Сириянын президенти Орусиядан S-300 ракеталарын ала баштаганын 30-майда Ливанда “Хезболла” куралдуу тобу менен байланыштагы телеканалга кабарлаган. Анда президент "Орусиядан алынган S-300 ракеталарынын калганы “жакын арада келет” деп билдирген. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG