Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Жалал-Абадда Кумтөргө байланыштуу митинг өтүүдө


Ушу тапта Жалал-Абаддын борбордук аянтында нааразылык акциясы өтүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, 160-170 киши чогулуп, Жети-Өгүздөгү митингчилердин талаптарын колдоорун айтып, камактагы "атажуртчу" депутаттардын бошотулушун, президент менен өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылып жатат.

"Ата-Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолууда.

Быйыл 27-майда Жети-Өгүздүн Саруу айылында Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимдин денонсацияланышын, бир топ социалдык долбоордун ишке ашырылышын талап кылган митингчилер кечээ Кумтөр ишканасынын электрин өчүрүп салган. Бүгүн ошол ишке тиешеси бар деп кармалгандардын бошотулушун талап кылып бараткан үч миңге чукул адамды милиция Барскоон айылынын тушунан тосуп, атайын каражаттарды колдонуу менен токтотту. Митингчилер милициянын өзүн ташбаранга алып, унааларын талкалап салды. 55 (алардын ичинен 13ү күч органдарынын өкүлү) киши жабыркап, бешөө ооруканага жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG