Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Молдавияда парламенттин жаңы спикери шайланды


Молдавиянын жаңы спикери болуп Демократиялык партиянын төрагасы Игорь Корман шайланды. Анын талапкерлигин 58 депутат колдоду.

Оппозициянын талапкери Коммунисттер партиясынын мүчөсү Сергей Стати 31 добуш алды. Молдавияда Европа интеграциясы үчүн Альянстын ичиндеги карама-каршылыктардан улам февралда саясий кризис орун алган. Владимир Филат баштаган өкмөт кызматтан кеткен. Спикер жана Демократиялык партиянын лидери Мариан Лупу да кызматтан кеткен.

Либерал-демократтардын жана Демократиялык партиянын көпкө созулган сүйлөшүүлөрүнөн кийин батышчыл жаңы коалицияны түзүү боюнча эки тарап келишимге жетишкен. (AiK)

XS
SM
MD
LG