Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Кумтөрдүн электр жарыгы кайра өчүрүлдү


Жети-Өгүздө Кумтөр ишканасын электр менен жабдыган подстанция кайра өчүрүлдү. Кабарчыбыздын айтымында, он чакты митингчи подстанция турган имараттын ичине эч тоскоолдуксуз эле кирип барып өчүрдү. Адистердин билдиришинче, ал Кумтөр ишканасынан тышкары төрт чек ара тозотун жана төрт айылды да жарык менен камсыз кылуучу объект болуп эсептелет.

Бул жерде электр кечээ да ушинтип митингчилер тарабынан өчүрүлгөн болчу. Факт боюнча кылмыш иш козголду, 92 киши кармалды деп өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев айткан. Бирок, кабарчыбыздын айтымында, алардын баары бош эле жүрөт, электрди өчүрүүгө келгендерди эч ким тыйган жок. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG