Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:04

Орусиядагы кыргыз мигранттар элине кайрылды


Орусияда жашаган кыргызстандык мигранттар бүгүн мекендештерине кайрылуу жолдоп, түрдүү чагымчыл күчтөргө алдырбоону өтүндү. Ондон ашуун коомдук уюмдун атынан жазылган бул кайрылууда алар жыргаганынан бөтөн жерде жүрбөгөнүн, бул жактагы балдары, жакындары жай турмушта жашоосу үчүн далбас уруп Орусияда жүргөнүн айткан.

Мигранттар элди мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырды. Кырдаал оңолуп кетээрине ишенээрин айтты.

Кечээтен бери көлдүн Жети-Өгүз районунда Кумтөргө каршы митингчилер бул ишкананын электрин өчүрүп коюп жатат. Бүгүн алар милиция менен кагылышып, беш киши ооруканага жеткирилди. Аларды колдоп чыккан Жалал-Абаддагы митингчилер облакимиаттын ичине эч тоскоолдуксуз кирип барып, элдик губернатор шайланганын жар салды. Расмий бийлик мунун баары мыйзамсыз иш деп, күнөөлүүлөр жазага тартылаарын айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG