Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

Европада жумушсуздук 12,2% жетти


Европанын 17 өлкөсүндө жумушсуздуктун деңгээли апрель айында 12,2 пайызды түздү, ал эми жумушсуздардын саны божомолдорго караганда жыл акырында 20 миллионго жетет.

Евробиримдиктин статистикалык органы кабарлагандай, апрелдин көрсөткүчү мартка караганда начар чыккан, март айында жумушсуздук 12,1 пайызды түзчү. Евростаттын маалыматы боюнча 2008-жылкы каржы кризисинде жумушсуздуктун пайызы алда канча төмөн болчу - 7, 5%.

Бирок 12,2 пайыз – бул орточо көрсөткүч. Грекия менен Испанияда жумушсуздук 25 пайызды түзөт, ал эми Германияда - 5, 5. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG