Бул тууралуу “Азаттыкка” Жети-Өгүздүн коменданты Бактыбек Жусубалиев кабарлады. Анын айтымында, митингдин уюштуруучулары менен сүйлөшүүнүн негизинде бүгүн 9.30дан тарта жарык бериле баштады.
Кечээ кечтен бери митингчилер Кумтөргө электр жарыгы берилчү Тамга айылындагы подстанцияга барып, жарыкты өчүрүп салышкан. Буга чейин көмөкчү чордон 30-майда да өчүрүлүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин кайра берилген. (BkA\MK)