Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Президент күч органдарынын башчылары менен кеңешме өткөрдү


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев күч органдарынын башчылары менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Анда президент Жети-Өгүз районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы кырдаал жана көрүлүп жаткан чаралар боюнча күч органдарынын маалыматын укту. Ошондой эле кеңешмеде президент тартип коргоо органдарынын башчыларына жарандардын кызыкчылыгы үчүн мыйзамдын чегиндеги милдеттерди аткарууну тапшырды.

27-майдан бери Жети-Өгүз районунда митинг өтүп жаткан. Митингге чыккандар канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишимди бузууну талап кылып, эки жолу кенге кетчү жарыкты өчүрүп салышкан.

Жума күнү президенттин жарлыгы менен 10-июнга чейин Жети-Өгүздө өзгөчө абал тартиби киргизилген.

31-майда Жалал-Абад шаарында Кумтөргө каршы митинг башталган. Анда митингчилер облустук акимчиликтин имаратына кирип барып, элдик губернатор деп “Ата Журт” партиясынын өкүлү Медер Үсөновду жарыялашкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG