Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Бүгүн - Балдарды коргоонун эл аралык күнү


Бул күнгө карата өлкөнүн бардык дубандарында балдар үчүн ар кыл майрамдык иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда балдарды куттуктоо иш-чарасы болуп, ага Бишкек мэри Иса Өмүркүлов баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Өз куттуктоосунда калаа башчы бул жөн гана майрамдап койчу күн эместигин, балдардын маселелерине көңүл буруп, аларды чече турган күн экенин билдирди.

Ошондой эле бир катар балдар үйлөрүндө, ооруканаларда балдарга арналган концерттер, кайрымдуулук иш-чаралары өтүп жатат.

Кыргызстанда 60тан ашуун балдар үйү бар жана анда 20 миңден ашык жеткинчек тарбияланууда. Эл аралык иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстан балдарга начар кам көргөн өлкөлөрдүн катарына кирет. (BkA)

XS
SM
MD
LG