Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:27

“Кумтөр” компаниясы Каракол-Балыкчы жолун оңдоп берет


Бул тууралуу Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы тургундар менен жолугушуу учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, оңдоо иштери жакынкы айларда башталышы мүмкүн. Муну менен катар бул компания жакынкы эки жылдын ичинде азык-түлүктүн 80 пайызга жакынын жергиликтүү элден алууга макул болгонун өкмөт башчы кошумчалады.

Өкмөт башчы менен жолугушууда митингге чыккандар Кумтөр боюнча маселени Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында карап, тезинен “Центерра Голд” менен келишимди бузууну талап кылышты.(BkA\MK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG