Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Жалал-Абад: бийлик митингчилер менен сүйлөшүүнү улантууда


Бүгүн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жалал-Абадга барып, митингчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жыйынтыгында, облустун акимиятында отурушкан митингчилер үчүнчү жана экинчи кабаттарды бошотуп, биринчи кабатка түштү. Ошондой эле Асанов менен бирге үч өкүл борборго кетти. Алар президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, өз талаптарын айтышмакчы.

Жалал-Абадда Кумтөр кенине байланыштуу талаптар менен чыккан жетиөгүздүктөрдү колдоо акциясы 31-майда башталган. Митингчилер бул күнү “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттары: КамчыбекТашиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовду бошотуу талаптарын коюшкан. Митингчилер облустук акимчиликтин имаратын ээлеп, “Ата-Журт” партиясынын өкүлү Медер Үсөновду элдик губернатор деп жарыялашкан болчу.

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы бүгүн облустук акимиаттын имаратын ээлеп алуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.(BkA\YA)

XS
SM
MD
LG