Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:55

Жалал-Абадда митинг уланууда


"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда облустук акимиаттын алдындагы каршылык акциясында ушу тапта жүздөй киши катышып жатат. Алардын арасында нааразы тарап шайлап алган элдик губернатор Медер Үсөнов баштаган лидерлер көрүнбөйт.
Кечээ нааразылык акциясына чыккандардын ак сакалдары менен Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жолугушуп, алардын өкүлдөрүн Бишкектеги расмий бийлик менен жолугуштуруу чечимине келишкен. Анын негизинде акциянын катышуучулары облустук администрациянын экинчи, үчүнчү кабаттарын бошотуп, бекитип коюшкан. Биринчи кабатында учурда отуздай аял көзөмөлдөп турат.
Жалал-Абад шаардык прокуратура бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо), 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

31-майда башталган каршылык акциясы камактагы депутаттар Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду жана Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышып, Кумтөрдүн иштетилишине каршы чыккан жетиөгүздүктөрдү колдоп жатат.(YA/AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG