Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Медер Үсөновду бейтааныштар алып кеткени кабарланды


Жалал-Абадда нааразылык акцияларын уюштуруу комитетинин төрагасы Медер Усөновду "эртең менен саат жетилер чамасында үйүнөн бети чүмбөттөлгөн эки, жөнөкөй кийимчен бир адам белгисиз тарапка алып кетти" деп билдирди "Азаттыктын" жергиликтүү кабарчысына анын жубайы Махабат Апатаева. Анын айтымында күйөөсү бир аз убакыттан кийин телефон чалып, камтама болбошун суранган. Апатаева күйөөсүн алып кеткендер коопсуздук кызматынын "Альфа" тобунун кызматкерлери болушу мүмкүн деп шектенүүдө. Жалал-Абад облустук кызматкерлери мындай божомолду тастыктаган жок. Митингдин катышуучулары болсо элдик губернатор тууралуу маалымат бербесе Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгынын алдына барарын билдиришүүдө деп кабарлады "Азаттыктын" облустагы кабарчысы Ырысбай Абдыраимов.
Кечээ башкы прокуратура облустук администрацияны ээлеп алуу фактысы боюнча жалал-Абад шаардык прокуратура кылмыш ишин козгогондугун кабарлаган.(YA/BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG