Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Жетиөгүздүктөр өзгөчө тартипти алууну суранууда


Жети-Өгүз районунун борбору - Кызыл-Сууда бүгүн милиция өкүлдөрү айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен жолукту. Жыйында чыңалуунун келип чыгуусу, учурдагы кырдаал жана мындан аркы коомдук тартипти сактоо талкууланды.

Жети-Өгүз районунун коменданты, ички иштер министринин орун басары Бакытбек Жусубалиев башында турган облустук жана райондук милициянын жетекчилери менен өткөн жыйында айыл өкмөт башчылары эл арасында нааразылык, жек көрүү жок экенин билдиришкен. Мындай маалыматты облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. Айыл өкмөт башчылары коменданттан 10-июнга чейин киргизилген өзгөчө тартипти алып салууну сурашты. Ал өлкө президентине билдирмей болду.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 27-майда башталган нааразылык акцияларынын арты башаламандыкка айланып кеткен соң өлкө президентинин жардыгы менен райондо өзгөчө абал жарыяланган. Нааразылыкка чыккандар өкмөттөн Кумтөрдү иштетүү боюнча 2009-жылда “Центерра Голд” менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну, социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылышкан. (AKu)

XS
SM
MD
LG