Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Жалал-Абадда аянтка чогулгандардын саны көбөйүүдө


Жалал-Абаддагы кабарчыбыз облустук акимчилик алдына чогулгандардын саны улам көбөйүп жатканын кабарлап, митингчилер бул жерге бүгүн кечинде облустун бардык аймактарынан адамдар келишээрин айтып жатканын кошумчалады.

Алар өздөрү губернатор кылып шайлап алган Медер Үсөновдун дайынсыз болуп жатканына нааразы. Чогулгандар облустук ички иштер башкармалыгынын жана облустук коопсуздук кызматынын башчыларынын келишин талап кылууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурдин Маликов нааразылардын алдына келип, Медер Үсөнөв тууралуу эч нерсе билбегенин айтты.

Жалал-Абаддагы митинг 31-майда башталган. Анын катышуучулары камактагы депутаттар Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылып жана Кумтөргө каршы акцияны колдоп жатышкан. Бүгүн таң эрте митингчилер губернатор деп шайлап алган Медер Үсөновду үйүнөн белгисиз бирөөлөр алып кеткенин анын жубайы "Азатыкка" билдирген. (YA/AKu)

XS
SM
MD
LG