Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

УКМК Медер Үсөнов кармалганын тастыктады


Жалал-Абадда 31-майда митингчилер губернатор деп жарыялаган Медер Үсөнов бүгүн кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал кечээ козголгон кылмыш иштин негизинде кармалды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ал арада Жалал-Абад шаарында УКМКнын облустук бөлүмүнүн алдында турган митингчилер имаратка кирүүгө аракет жасашты. Бирок тартип коргоо кызматкерлери тосуп турат. Имараттын алдына күйүүчү май куюлган 2-3 бөтөлкө ыргытылды.

Жалал-Абадда митингге чыккандар 31-майда облуста каршылык акцияларын уюштуруп келген Медер Үсөновду губернатор кылып жарыялашкан. Кечээ облустук прокуратура Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

31-майдан бери облустук акимиаттын алдына митингге чогулуп жаткандардын талабы - камактагы депутаттар Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылып жана Кумтөргө каршы акцияны колдоо болчу. Алар эми УКМК бөлүмүнүн алдында Үсөновду бошотууну талап кылышууда. (YA/AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG