Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Жалал-Абад: митингчилер облустук акимиятты көздөй жөнөштү


Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, Жалал-Абад шаарында 700гө чукул митингчи жөө жүрүш менен УКМКнын облустагы башкармалыгын имаратынынан облустук акимияттын имаратын көздөй жөнөштү. Алар бүгүн таң эртеден УКМКка камакка алынган облустагы нааразылык акцияларын уюштуруу комитетинин төрагасы Медер Үсөновду бошотуу талап кылууда.

Жалал-Абаддагы митинг 31-майда башталган. Анын катышуучулары камактагы депутаттар Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылуу менен Ысык-Көл облусундагы Кумтөргө каршы акцияны колдоп жатышкан. Бүгүн таң эрте митингчилер губернатор деп шайлап алган Медер Үсөновду үйүнөн белгисиз бирөөлөр алып кетти деген маалымат тараган соң, кайрадан чогулуп, аны бошотууну талап кылышууда. Бүгүн кечке жуук УКМК Медер Үсөнов кармалганын тастыктады.

XS
SM
MD
LG