Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Түркиядагы демонстранттар Стамбулдун борбордук аянтын кайра ээлеп алышты


Таксим аянтында бүгүн кайрадан жүздөгөн демонстранттар жыйналышты. Бирок кырдаал негизинен тынч экени, шаардын коммуналдык чарба кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

Стамбулда жана Түркиянын башка шааларында соңку эки күндө демонстранттрдын жана полициянын кагылышуусу менен коштолгон нааразылык акциялардын учурунда миңге жакын киши кармалган. Полиция Стамбул менен Анкарадагы демонстрацияларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, суу бүркүгүчтөрдү колдонгон.

Түркия ички иштер министри Муаммер Гүлөр бүгүн Анкарадан кабарчыларга буларды айтты:

- Ар кайсы шаарлардан 939 киши кармалган, алардын айрымдары бошотулду. Кээ бирлери сотко чейин камакта болот. Бул нааразылык акциялар учурунда 23 полицей жана 53 жаран жаракат алышты. Алардын 19у Стамбулдан.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган кечээ демонстрациялар өкмөттүн планын өзгөртө албасын эскертип, аны тезинен токтотууга чакырган. Бирок Эрдоган полиция “айрым катачылыктарга” жол бергенин да моюнга алды.

Тополоң өкмөттүн Стамбулдагы Таксим аянтынынын жанындагы паркта курулуш жүргүзүү планынан улам чыкты.

Стамбулдагы демонстрацияны полициянын күч менен басышы премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганга жана анын байистүү исламчыл “Адилетүүлүк жана Өнүгүү” партиясына каршы 2002-жылдан берки эң ири нааразылыктын чыгышын шарттады. (UE)

XS
SM
MD
LG