Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Борбордук Европа суу ташкынга кабылды


Чөлкөмгө суу ташкынды нөшөрлөгөн жаан алып келди. Чехияда полициянын маалыматына караганда, унаасын суу агызып кеткен бир аял каза таап, дагы үч киши дайынсыз деп эсептелүүдө.

Борбор Прагада бийликтер метронун айрым станцияларын жаап, шаардын тарыхый борборун Влтава дарыясынын нугунан ашкан суу каптап кетпеши үчүн тосмолорду орнотту.

Дарыялардагы суу түштүк Богемия чөлкөмүндө да көтөрүлүп, жүздөгөн киши эвакуацияланды.

Суу ташкынга байланыштуу өзгөчө абал Германиянын чыгыштагы Саксония, түштүктөгү Бавария жана Баден- Вюртенберг жерлеринде жарыяланды.

Дарыялардан ашкан суу авто жана темир жолдорду Австрия менен Швейцарияда да каптады.

Борбордук Европада жамгыр алдыдагы күндөрү да күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG