Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Жалал-Абадда митингчилер Бишкек-Ош жолун жаап койду


Бишкек - Ош жолу азыр Сузактагы Барпы айыл өкмөтүнүн аймагынан эки жерден тосулганын "Азаттыкка" "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидери Камчыбек Ташиевдин иниси, нааразылыкка чыккандардын арасында жүргөн Шайырбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, жол тосулган эки жердин ар биринде миң чактыдай адам бар. Жол тоскондор бүгүн эртең менен камакка алынган лидери Медер Үсөновду тезинен бошотууну талап кылышууда.

Жалал-Абадда митингге чыккандар 31-майда каршылык акцияларын уюштуруп келген Медер Үсөновду губернатор деп жарыялашкан. Кечээ облустук прокуратура ага Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча кылмыш ишин козгогон. Медер Үсөновду жекшембиде эртең менен белгисиз бирөөлөр үйүнөн алып кеткен бойдон дайынсыз экени айтылып жаткан. Кечке жуук УКМК анын камакка алынганын тастыктаган. (YA/SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG