Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Борбордук Европадагы суу ташкынынан үч адам каза болду


Бу жолку сел чөлкөмдөгү акыркы он жылдагы эң чоң суу ташкыны катары сыпатталууда. Ташкындан улам Чехияда өзгөчө абал жарыяланып, Прагада метронун айрым станциялары жабылып, шаардын тарыхый борборун Влтава дарыясынын нугунан ашкан суу каптап кетпеши үчүн тосмолор орнотулду. Өкмөт өлкөдөгү селдин кесепетин жоюу үчүн 15 миллион крон бөлдү. Маалыматтарга ылайык, Праганын түштүк тарабындагы турак үйдүн урашынан эки адам, Австрияда бир адам каза болду.

Суу ташкынга байланыштуу өзгөчө абал Германиянын чыгыштагы Саксония, түштүктөгү Бавария жана Баден-Вюртемберг дубандарында жарыяланды.

XS
SM
MD
LG